Милиция эки адамдын өлүмүнө шектелген өспүрүмдүн кыйноого алынганын четке какты

Бишкекте эки кишини өлтүрүүгө шектелген жашы жете элек өспүрүмгө карата кыйноо колдонулгандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу 27-августта Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Өз кезегинде милиция тергөө учурунда шектүүнүн да, анын адвокатынын да укук коргоо кызматкерлерине эч кандай дооматы болбогонун билдирди. ШИИБден белгиленгендей, шаардык ооруканада кармалган адамды медициналык кароодон өткөрүү учурунда денесинде жаракаттар аныкталган эмес. «Балким, айыпталуучу азыр кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу үчүн ар кандай аракеттерди көрүп жатат»,— дешет милициядан. Мындан тышкары, кылмыш иши 23-июнда сотко жөнөтүлгөнү маалым болду.

Белгилей кетсек, буга чейин эки адамдын өлүмүнө шектелген жаран милиция кызматкерлеринин кыйноолорунан улам, жасабаган кылмышын мойнуна алганын айткан.