Милиция интернетте тараган видео боюнча түшүндүрмө берди

Кечээ, 14-январда социалдык тармактарда Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан унаанын айдоочусу жерге жаткырылып кармалгандагы видео тараган.

Окуя боюнча ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан маалымат беришип, видео Ош шаарында тартылганын билдиришти. «Саат 10:00 чамасында Ош шаардык кайгуул кызматкерлери Хундай Портер үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Бирок айдоочу кызматкерлерге баш ийбей, унаасын токтотпой, качып жөнөгөн. Артынан кууп жүрүп, акыр аягы кармашып, айдоочуга карата айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаргандыгы жана баш ийбегендиги үчүн 2 протокол толтурулуп, унаасы айып короо жайына киргизилген»,- дешти.