Жалал-Абадда балдардын тобу мушташып жатат делген видео боюнча 10дой бала милиция бөлүмүнө жеткирилди

Кечээ, 22-августта соцтармактарга Жалал-Абадда тартылган видео тараган. Анда топ балдардын чуркап өткөнүн көрүүгө болот. «Атышуу, кыйкырык жана жигиттердин тобу», — деп жазылган видеонун алдына. 

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден окуя тууралуу маалымат беришти. «21-август күнү саат 03:30 чамасында Жалал-Абад ШИИБдин «102» кызматына телефон чалуу болуп, анда «Көк-Арт кичи шаарчасынын Азимов көчөсүндө бир топ балдар топтолуп мушташып жатышат» деген кабар келген. Бул маалымат боюнча тергөө-ыкчам тобу жана түнкү кайгуул тобу окуя болгон жерге барышкан, бирок окуяга тиешеси бар делген шек жараткан эч ким табылган эмес. Бул маалымат боюнча тиешелүү материалдар топтолуп, окуяга юридикалык баа берүү максатында Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган. Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан видеотасмалар алынып, окуя боюнча текшерүү иштери башталган. Азыркы убакытка окуяга тиешеси бар делген 10 чакты бала алып келинип, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат», — дешти облустук милициядан.