Милиция: Кадамжайдагы чоң жол кырсыгы иликтөөгө алынды

Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылы Өзбек Республикасынын Сох районунун Чашма айылы менен чектешкен жердеги «Чечме» көзөмөл өткөрүү пунктунда кечээ, 21-май күнү орун алган кырсыктын себептери иликтенүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан маалымдашты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айдоочусу Хово-Трал үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасынын чиркегичине Самсунг үлгүсүндөгү жол сүрүүчү трактор техникасын жүктөп алып, Бөжөй айылына жаратылыш кырсыгынан улам жабыркаган сел кесепеттерин жоюу максатында бара жатып, белгисиз себептерден автоунаанын ылдамдыгы төмөндөбөстөн айдоочу башкарууну жоготуп койгон. Жыйынтыгында өткөрүү пунктунун тосмолорун бузулуп, ошол жерде көзөмөл постто кезек күтүп турган унаалар жана адамдарды оор жүк ташуучу унаа сүзүп кеткен. Бул кырсыктан автоунаа жараксыз абалга келип, 8 киши каза болгон, алардын бирөөсү өзбекстандык. Ал эми 11 киши денесинен ар кандай жараат алып жергиликтүү ооруканага кайрылышкан, алардын бирөөсү өзбекстандык.
Ошол эле күнү каза болгондор мейитканга жеткирилип, аты-жөнү такталып туугандарына өткөрүлүп берилди. Азыркы күндө денесинен жараат алгандарга соттук медициналык, ал эми жабыркаган унааларга соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалып, келтирилген материалдык зыяндардын өлчөмү аныкталып, такталуу иштери Кадамжай РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп жатат.