Милиция: Кара-Кулжада жансыз денеси табылган 9 жаштагы бала мал жайып жүргөн чоң атасына бара жатып жоголгон

Кара-Кулжада жансыз денеси табылган 9 жаштагы бала мал жайып жүргөн чоң атасына бара жатып жоголгон. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

16-март күнү милицияга Кара-Кулжа районунун Буйга айылынын 9 жаштагы тургуну бир күн мурда саат 17:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон келбегени билдирилген. Өспүрүмдүн үйүнөн чыгып, ошол айылдын Чоң-Секи жайлоосунда мал жандыктарын карап жүргөн чоң атасына бара жатып дайынсыз жоголуп кеткендиги аныкталган. Кечээ, 17-мартта саат 14:00 чамасында милиция кызматкерлери жана айылдын тургундары тарабынан ошол айылдын “Токойлуу-Конуш” участкасынын автоунаа жолунун четиндеги бак дарактардын арасынан денесинде эч кандай жарааты жок өспүрүмдүн жансыз денеси табылган. Маркумдун сөөгүн туугандары соттук-медициналык экспертизага берүүдөн жана арыз жазуудан баш тартышкан. Териштирүү улантылууда.