Милиция: Кара-Кулжада сел алып кеткен унаанын ичиндегилер бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү

Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, Кара-Кулжада селден 3 адам каза болуп, бирөө изделип жатканын билдирген. Ош облустук милициясы окуя тууралуу маалымат берди.

30-июнь күнү саат 22:25 чамасында Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл аймагынын Жетим-Дѳбѳ айылында катуу жааган жаандан сел жүрүп, унааны агызып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги, тергөө-ыкчам тобу, өздүк курам жана кошумча күчтөр чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган аймакта Матиз унаасын башкарып бара жаткан Кара-Кулжа районунун 1988-жылы туулган тургунун, анын жубайы 1990-жылы туулган Ж. кызы А., уулдары 2012-жылы туулган Р. уулу Р., 2020-жылы туулган Р. уулу Н. жана 2016-жылы туулган Р. кызы А. сел агызып кеткендиги маалым болгон.

ӨКМ менен биргеликте жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында 3 атуулдун жансыз денеси табылып, жакын туугандарынын эч кимге арыз-доосу жок болгондуктан жансыз денелерге сыртынан кароо жүргүзүлүп, туугандарына өткөрүп берилди. Ал эми аман калган кыз 2016-жылы туулган Р.А. Кара-Кулжа райондук ооруканасына жеткирилип, денесинен алган жараатына медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Учурда жеринде Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы, ИИМдин Күзөт кызматы, жергиликтүү тургундар, ардагерлер жана кошумча күчтөр дайынсыз болуп жаткан Р. уулу Н. издеп табуу, селдин кесепетинен жабыр тарткан жагдайларды калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүлүүдө.

Каза болгон 1988-жылы туулган А.Р. ИИМдин Күзѳт кызматынын кызматкери болгон.