Милиция Кеминдеги жол кырсыкта 3 адам каза болгонун тастыктады

Кечээ, 15-августта саат 16:30 чамасында Боом капчыгайында Тойота Авенсис менен Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы маалымат берип, кырсыктын кесепетинен 3 жаран каза болуп, 6 жаран ооруканага жеткирилгенин билдирди. Азыр материалдар чогултулуп, тергөө амалдары жүрүүдө.