Милиция Бишкекте аял кишиге кол салган жаранды издеп жатат

Социалдык тармактарда Бишкектин 5-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин кире беришинде белгисиз жаран аял киши менен сүйлөшүп, кол салган видео тараган.

Милициядан аталган факты Октябрь РИИБге катталып, тергөө иштери башталганын билдиришти. Учурда видеодогу жаранды издөө иштери жүрүп жатат.