Милиция коомдук транспортто капчык уурдоого аракет кылып, өспүрүмгө залал келтирген шектүүлөрдү кармады

Шаардык милиция тоноочулукка шектүүлөрдү кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. 

Маалыматка караганда, 10-августта Свердлов РИИБге жаран кайрылып, ошол эле күнү саат 08:20 чамасында коомдук транспортто капчыкты уурдоого аракет кылышканын, кесепетинен анын өспүрүм баласына белгисиз зат менен жаракат келтирип, качып кеткенин билдирген.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 2006 жана 2005-жылы туулган жарандарды кармаган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.