Милиция көп кабаттуу үйдүн терезесинен чыгып алып бийлеген кыздын ата-энеси менен сүйлөштү

Социалдык тармакта Тыналиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн терезесинде өспүрүм кыздын бийлеп жатканы тартылган видео тараган.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери жогоруда аталган өспүрүм жана анын ата-энеси менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.