Милиция: «Кыргыз паспортун мыйзамсыз берүү боюнча кылмыш иши козголду»

Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан 2016-жылы Кыргызстандын паспортторун мыйзамсыз берүү фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (коррупция) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши тергелип жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, тергөө иштеринин жүрүшүндө, 2016-жылы Фарид Ниязов жетектеген президентке караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын төрагалыгы астында Түркия Республикасынын он жаранын жарандыкка кабыл алуу жөнүндө мыйзамсыз чечим кабыл алынгандыгы аныкталган. Ошол эле жылы президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Түркия Республикасынын он жараны Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алынып, аларга мыйзамсыз паспорттор берилген.

Учурда тергөө иштери уланып жатат.