ИИМдин Күзөт кызматынын Биринчи Май күзөт бөлүмүнүн батальонунун милиционери, милициянын старшинасы Калыбек Асылбеков Мэриянын муниципалдык мүлктөр башкармалыгы боюнча департаментинин имаратын кайтаруу учурунда Чокморов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринде эки жолу жарылуу болгонун уккан. Батирде өрт чыгып жатканын көрүп, тез арада подъездге кирип, электр щитти өчүргөн. Андан соң өрт чыккан батирден жардамга чакырган үндү уккан. Катуу жабылып калган эшикти жанында турган жарандын жардамы менен ачып кирип, өз өмүрүн тобокелге салып бетин сууланган сүлгү менен жаап, түтүнгө толгон батирден 4-5 жаштардагы кызды алып чыккан. Ошондой эле кыздын апасын өрттөнүп жаткан үйдөн чыгарууга жетишкен. Андан соң ӨКМнын кызматкерлери келгиче жанындагы жаран менен биргеликте өрттүн басымдуу бөлүгүн өчүрүшкөн.
Милиция кызматкери өрттөнүп жаткан батирден эне менен кызын аман алып чыкты
24-июнь күнү милициянын старшинасы Калыбек Асылбеков Бишкек шаарында өрт чыккан көп кабаттуу үйдөн энеси менен кызын аман алып чыкты. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.
- Categories: КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
Related Content
Өзгөндө келин асынып каза болгон окуяны Ош облустук милициянын жетекчилиги жеке көзөмөлүнө алды
Автор
СЕРЕП МЕДИА
14:23 16.04.2026
Мурдагы тышкы иштер министринин иши боюнча жаңы фактылар аныкталды
Автор
СЕРЕП МЕДИА
14:48 15.04.2026
Тышкы иштер министрлигинин мурдагы башчысына кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча айыбы угузулду
Автор
СЕРЕП МЕДИА
09:13 15.04.2026
УКМКнын 3 кызматкери кармалды
Автор
СЕРЕП МЕДИА
14:54 10.04.2026
Нарындагы окуучунун өлүмү боюнча завуч кармалды
Автор
СЕРЕП МЕДИА
14:58 09.04.2026