Октон каза болгон айдоочу. Оор кылмышты жашырган деп айыпталып жаткан 3 кызматкер 2 айга камакка алынды

Жаран Чыңгыз Абдыраевдин өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши боюнча кармалган Бишкек ШИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка караганда, алар 19-сентябрга чейин камакта болушат.

Айдоочуну өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин иликтөө учурунда Бишкек ШИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнүн полкунун рота командиринин орун басары, полктун 2-ротасынын 3-взводунун 2 кенже инспектору УКМКнын абагына киргизилген эле. «Кармалгандар өзгөчө оор кылмышты жашырып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө, ошондой эле аларга карата 19-сентябрга чейинки мөөнөткө УКМКнын тергөө камак жайына кармоо түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалды», — деп айтылат маалыматта.

27-августта Бишкек шаарында Чыңгыз Абдыраев аттуу 32 жаштагы айдоочу милиция кызматкери аткан октон каза болгон. Адегенде шаардык милиция бул окуяда маркумду күнөөлөгөн, кийин видео тарап кеткен соң, башка маалымат таратышкан. Ок чыгарган милиция кызматкери УКМКнын СИЗОсуна киргизилгени маалым. Бул окуя коомчулукта резонанс жаратты.