Милиция кызматкерлери бычактан жаракат алган адамдын өмүрүн сактап калышты

ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери бычактан оор жаракат алган жарандын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Октябрь райондук күзөт бөлүмүнүн 3-взводунун №352 кармоо тобунун кызматкерлери — милициянын лейтенанты Айбек Өмүрбеков, милициянын прапорщиги Амантур Доронбеков жана милициянын старшинасы Тагай Адырбеков 19-февралда болжол менен саат 22:50 чамасында Малдыбаев көчөсүндөгү батирлердин бириндеги жаран бычактан жаракат алды деген чакыруу боюнча барышкан.

Айбек Өмүрбековдун айтымында, 19-февраль күнү адаттагыдай эле нөөмөткө чыгышкан.

«Биз барган учурда орус улутундагы жарандын жанында оор жаракат алган адам жатканын көрдүк. Жанымдагы кесиптешим ошол замат шектүүнү кармады. Биз унаадагы дары-дармектер менен тез жардам кызматы келгенче биринчи медициналык жардам көрсөтүп, жаракат алган адамдын канын токтотуп, «103» кызматына уюлдук телефон аркылуу кайра чалдык. 10 мүнөттөн кийин тез жардам кызматы келип калды. Ошол замат оор жаракат алган Т.Э.ни тез жардам кызматкерлерине өткөрүп бердик»,— деди Өмүрбеков.

Такталган маалымат боюнча, Бишкек шаарынын 1993-жылы туулган тургуну Т.Э. бөйрөк тарабына ашкана бычагы менен жаракат алган. Кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган Б.А. кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө бөлүмүнө тапшырылды.