Милиция кызматкерлерин сөккөн киши 4 суткага камакка алынды

Милиция кызматкерлерин оозго алгыс сөздөр менен сөгүп коомдук таптипти бузган жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

16-декабрда саат 21:30 чамасында жаран Бишкек шаарында жайгашкан наркология бөлүмүндө текшерүү өткөрүү учурунда милиция кызматкерлерин спирт ичимдиктерин ичип алып, сөгүп, аларга баш ийбей, коомдук таптипти бузган.

Аталган факты боюнча Октябрь РИИБдин кызматкерлери ыкчам иштерин жүргүзүп, 1981-жылы туулган жаранды кармашып, Октябрь РИИБге жеткиришкен. Азыркы учурда Октябрь районунун сотунун чечими менен Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси менен күнөөлүү деп табылып, ага жаза катары 4 суткага камакка алынган.