Милиция кызматкерлеринин погонун жулуп, кол көтөргөн жарандар колго түштү

Бишкек шаарында милиция кызматкерлерине белгисиз жарандар кол көтөрүп, өз учурунда алардын кол салууга асманга карай ок чыгаруу менен жооп бергени тартылган видео жайылганы маалым.

Милициянын патрулдук кызматынын маалыматы боюнча, 27-декабрга караган түнү милиция кызматкерлерге кол салган эки эркек киши кармалып, тергөө абагына киргизилди.

Окуя орун алган күнү инспекторлор жолдо Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаа башкаларга тоскоолдук жаратып жатканын байкап калышып, ал унааны токтото келгенде айдоочу менен жүргүнчүсүнүн мас экендигин көрүшкөн. Документтерин сураган учурда алар инспекторлорго агрессивдүү мамиле жасашкан. Жаңжалда милиция кызматкеринин биринин погонун жулуп алып, калган кызматкерлерге карата кол көтөрүү орун алган. Жыйынтыгында 1990-жылы жана 2004-жылы туулган жарандар кармалган. «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши ачылып, тергөө иштери уланууда.