Милиция кызматтык унаа катышкан жол кырсыктын видеосун жарыялады

Буга чейин социалдык тармактарда Милициянын кайгуул кызматынын унаасы жол кырсыгына кабылганы тууралуу сүрөт тараган. Окуя боюнча Милициянын кайгуул кызматынан маалымат беришип, видео менен бөлүштү.

Маалыматка караганда, жол кырсык бүгүн, 21-майда болжол менен саат 08:30 чамасында катталган. 1982-жылы туулган айдоочу Мерседес-Бенц унаасы менен кетип бара жатып, Ниссан-Альмера унаасын сүзгөн.

Унаалар айып короого киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалып жатат.