Милиция Мурас-Ордо конушунда өлтүрүлгөн баланын агасын издөөдө

Милиция Мурас-Ордо конушунда мууздалып өлтүрүлгөн баланын агасы тууралуу багыттык маалымат таратты. Белгилүү болгондой, бала Озерное айылындагы орто мектепте окучу. Каргашалуу окуянын алдында ал агасы менен үйдө калган.

«Киши колдуу болгон баланын агасы 10-класста окуйт. Азыр аны милиция издеп жатат. Ал жөнүндө маалымат Бишкектеги бардык ИИБдерге жөнөтүлдү. Баланын сөөгүн өлүкканага алып кетишти. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Баланын мойнуна бычак сайылыптыр», — дешти милициядан.

Буга чейин 5-класстын окуучусунун сөөгү өз үйүнөн табылганы кабарланган.