Милиция: Нарын дарыясына агып кеткен бала жээкте муз тээп ойноп жаткан

Нарын дарыясына агып кеткен 8 жаштагы бала бала жээкте муз тээп ойноп жаткан. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынан билдиришти.

7-март күнү саат 18:30 чамасында милицияга Нарын районуна караштуу Орто-Нура айылынын «Кабак» аймагынан 2013-жылы туулган бала Нарын дарыясынын жээгинде муз тээп ойноп жатып сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда баланын апасынан суранып, классташ балдары менен муз тээп келгени суранып кеткени аныкталган. Нарын дарыясынын суу жээгине түшүп басып бара жаткан жеринен бала муздан тайып, сууга агып кеткенин жанындагы классташ балдары көрүп, аны куткарууга аракет кылышкан. Бирок куткарууга мүмкүн болгон эмес.

Бул окуя боюнча Нарын райондук милициясынын өздүк курамы 3 топко бөлүнүшүп, издөө иштерин Нарын шаардык ӨКМ кызматкерлери менен биргеликте атайын жарык берүүчү шаймандары менен издөө иштери башталган. Мындан тышкары айыл тургундары, жөө жана атчан адамдар жардамдашып, бүгүнкү күндө  тынымсыз издөө иштери уланып жатат. Сууга түшүп кеткен бала Орто-Нура айылынын орто мектебинде 2-класста окуп келген, өзү алты бир тууган, анын ичинен эң кичүүсү болгон.