Милиция: «ӨКМдин эки эркек киши өз жанын кыюуга аракет кылган деген маалыматы калп»

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга чейин Токмок шаарында жайгашкан 9 кабаттуу курулуп бүтпөй турган имараттан эки эркек киши секирүүгө аракет кылган деген маалымат жарыялан. Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

14-декабрь күнү Токмок ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Токмок шаарындагы курулушу бүтө элек 9 кабат үйдө эки эркек бала жүргөндүгү тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган маалымат Токмок ШИИБге катталган. Айтылган дарекке милиция барып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Имаратка чыккандардын аты-жөнү аныкталып, алардын 24-жаштагы жигиттер экени аныкталган. Териштирүү учурунда алар 14-декабрь күнү саат 17:00 чамасында Токмок шаарындагы бүтө элек 9 кабаттуу үйдүн үстүндө сүрөткө түшүү максатында чыгышканын билдиришкен. Кийин кызматкерлердин ал жерге келе жатышканын көрүшүп, түшүшкөнүн айтышкан. Жогорудагы жарандар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.