23-октябрда Тез жардам кызматы Бишкектеги Тыныстанов көчөсүнөн 75-80 жаштагы аял кишини Улуттук хирургия борборуна жеткиришкен. Кары аял эсине келбей, ошол борбордо көз жумган.
Факты Ленин РИИБге катталган. Милиция каза болгон жарандын аты-жөнүн тактап, жакындарын табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Белгилери: бою 150-155 сантиметр, арык, мурду кырдач, чачы ак жана узун.
Өзгөчө белгилери: курсагында 4-5 сантиметр тырыгы бар, үстүнкү жаагындагы тиштери жок.
Кимде-ким сүрөттөгү жаранды тааныган болсо, 0 (312) 352-605, 0 (705) 450-553, 0 (553) 102-465, 0(551) 088-330 номурларына же «102» кызматына кабарлап койсоңуздар болот.