Милиция рулдагы аял кишиге кол көтөргөн жаранды тапты (видео)

Милиция Бишкектеги «Vefa» соода борборунун жанында рулда отурган аялга кол көтөргөн жаранды тапты. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Буга чейин соцтармакка видео тараган. Видеодо аял кишиге эркек киши кол көтөргөнү тартылган. Ал эми видеодогу айым окуя 28-сентябрда болгонун айткан. Ошол күнү ал унаасын башкарып, Байтик баатыр көчөсү менен бараткан, «Вефага» жетпей анын унаасын башка бирөө сүзүп алган. Аялдын дооматын уккан айдоочу унаадан түшүп, аялга кол көтөргөн. Жабырлануучу милицияга кайрыла баштаганда, чыр чыгарган адам качып кеткен.

Ошол эле күнү саат 17:00 чамасында аял киши милицияга арыз менен кайрылган. Факты каттоого алынган. Кылмышка шектелип 1964-жылы туулган жаран кармалып, Биринчи Май РИИБге жеткирилди.