Милиция Сокулуктагы 15 жаштагы кыз 40 жаштагы кишиден төрөдү делген маалымат боюнча эмне дейт?

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы Сокулукта зордукталды деген 15 жаштагы кыздын окуясы боюнча үн катты.

Буга чейин айрым ЖМКларда «Сокулукта 15 жаштагы кыз 40 жаштагы кишиден төрөдү» деген маалымат жарыяланган эле.

Чүй ОИИБдин маалымат кызматы билдиргендей, 2020-жылдын декабрь айынын башында Сокулук райондук милициясына Е.В. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2005-жылы туулган 15 жаштагы кызы Т. аттуу адам менен жыныстык катнашта болгонун айткан.

Факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 164-беренеси (16 жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

«Милиция кызматкерлери ыкчам тергөө иштерин жүргүзүп, натыйжада Т. аттуу адамдын өздүгүн такташкан. Ал Ош облусунда туулуп өскөн 40 жаштагы Б.Т. аттуу адам экени аныкталган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү да, жабырлануучу да суралып, Б.Т. аттуу киши окуяга катышы жок экенин билдирген. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында зарыл болгон экспертизалар дайындалган»,- деп жазылат маалыматта.

Иш аягына чыга электе, териштирүүнүн жүрүшүндө жабырлануучу Сокулук райондук прокуратурасына жогорудагы ишти кыскартуу үчүн тосмо арыз менен кайрылган. Буга байланыштуу 2021-жылдын февраль айында Чүй облустук прокуратурасы тарабынан жогорудагы иш суралып, тергөө кызматы чогулткан материалдар облустук прокуратурага жөнөтүлгөнү кошумчаланды.