Милиция: Сүннөткө отургузгандан кийин баланын каза болгону боюнча экспертиза дайындалды

Милицияга 2-апрель күнү 3-балдар ооруканасынын хирургия бөлүмүндө бала каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан маалымдашты.

Милиция кызматкерлери тарабынан 2015-жылы туулган бала Улуттук госпиталдын дарыгери тарабынан сүннөткө отургузуу учурунда наркоздон кийин эсине келбей каза болгондугу аныкталган. Бала 3-балдар ооруканасынын хирургия бөлүмүнө «Платтердин синдрому» (жарааттан кан кетүү) деген диагноз менен түшкөн. Бул факты каттоого алынып, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен Шаардык балдардын клиникалык ооруканасында кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатканын билдиришти.