Милиция талкуу жараткан Ысык-Көлдөгү видеону ким тартканы тууралуу маалымат беришти

Социалдык тармактарда Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери өздөрү мыйзамсыз аңчылык кылып жүрүшөт деген видео тарап жатат. Бул боюнча Ысык-Көл ОИИБ маалымат берди.

«Аталган видео боюнча Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан кызматтык териштирүү иши дайындалып, учурда териштирүү иштери өткөрүлүүдө. Анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет. Ал эми кошумчалап кетүүчү жагдай, аталган видео тасманы Тоң районуна караштуу Кароол-Дөбө участогунун 31 жаштагы тургунунун иниси тартып, социалдык тармактарга таратканы белгилүү болгон. Аталган жарандын агасы жакында Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери тарабынан эч бир уруксат кагазы жок ИЖ-18 үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен ошол аймакта аңчылык кылып жүргөн жеринен кармалган болчу. Аталган факты боюнча Тоң РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 267 (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары аяктап, соттун кароосуна жиберилген», — дешти.