Милиция тарабынан адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

6-июнда Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын “102” кызматына “Ак-Ордо” конушундагы үйлөрдүн биринен зомбулуктан каза болгон адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге дароо ыкчам-тергөө тобу барганда каза болгон жаран такталып, ал 1980-жылы туулган Ж.Б. экендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган Н.А. аттуу жаран Тергөө кызматына жеткирилип, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү менен маркум бирге спирт ичимдиктерин ичип жүргөндүгү, алардын ортосунда оозеки чыр-чатак чыгып, натыйжада кылмышка шектүү жаран Ж.Б.ны сабап, андан кийин ал өмүрүнө туура келбеген жаракаттан улам каза болгондугу аныкталган. Учурда тергөө иштери уланууда.