Милиция тарабынан сабалганы айтылган жаран боюнча милиция үн катты

Буга чейин Кыйноолорду алдын алуу боюнча борбор маалымат таратып, Ала-Букада кармалган жаран милиция тарабынан сабалганын айтып чыккан. Жалал-Абад ОИИБ бул боюнча үн катты.

12-сентябрь күнү саат 16:55 чамасында милицияга Ала-Бука районунун Жапа-Салды айылынын ортосунда белгисиз жарандар унаанын артынан кууп келишип, ок чыгаргандыгы маалымдалган. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинде (бейбаштык) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалган. Милиция кызматкерлери тарабынан аталган окуяга шектүү катары Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1981-жылы туулган тургуну шектүү катарында суралып, өз сөзүндө ал мурда соттолгонун айткан.

Ошондой эле азыркы күндө Улуттук борбор тарабынан кыйноо фактысы боюнча медициналык кароо формасы (Стамбул протоколу) ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча ички иликтөө жана текшерүү бөлүмү тарабынан текшерилүүдө.