Милиция унаага чыгып, алдыңкы айнегин сындыра тепкен жигитти издеп жатат (видео)

Социалдык тармакта жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн унаанын айнегин сындыра тепкен жигиттин видеосу тарады. Видеодон окуя Алма-Ата көчөсүндө Чоң Чүй каналы менен кесилишкен жерде болгонун көрүүгө болот.

Окуя боюнча Чүй ОИИБден жигиттин изделип жатканын билдиришти. «Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, BMW унаансынын алдыңкы айнегин сындырган адамдын аты-жөнү такталып жатат. Факты каттоого алынды», — деп айтылат маалыматта.