Милиция: «Ысык-Көлдө 6 айга жакын уурулук кылып жүргөн жаран кармалды»

Милиция кызматкерлери тарабынан Ысык-Көлдө алты айга жакын батирлерге ууруга кирип жүргөн делген жаран кармалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмышка шектелип Чүй облусунун Малиновка айылынын 50 жаштагы тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон жаран кармалды. «Шектүү март айынан тартып Булан-Сөгөтү жана Бактуу-Долоноту айылдарында бир катар батирдик уурулукту жасоого үлгүргөн. Акыры ал кечээ, 3-ноябрда Бостери айылынан кармалды. Алгачкы суракта кармалган жаран батирдик уурулуктун 6 учуру боюнча күнөөсүн мойнуна алууда», — деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкерлери тактагандай, шектүү уурулук фактыларын күндүз жасап жүргөн. Үй ээлеринин жоктугунан пайдаланып, терезе аркылуу батирлерге жана жер үйлөргө кирип, негизинен алтын зергерлерди алып кетчү. Уурдалган буюмдарды базарлардан жана башка соода түйүндөрүнөн сатып жиберчү. Жабырлануучуларга жалпы 265 миӊ сомдон ашык материалдык зыян келтирилген.

Аталган фактылар боюнча Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 200-беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө. Шектүү жарандын Ысык-Көл районунда жана облустун башка аймактарында орун алган батирдик уурдоо фактыларына тиешестиги бар же жоктугу текшерилип жатат. Шектүү катары кармалган жаран соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча, Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.