Милиция Ысык-Көлдө каза болгон 23 жаштагы жигиттин өлүмүнө шектүүлөрдү кармаган видео менен бөлүштү

Ысык-Көл ОИИБ Ысык-Көлдө каза болгон 23 жаштагы жигиттин өлүмүнө шектүүлөрдү кармаган видео менен бөлүштү. Буга чейин милиция маалымат таратып, иш боюнча 4 шектүү кармалганын билдирген.

6-августта Бостери айылынын аймагында жайгашкан “Алтын Кум” пансионатынын көл жээгинде Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин териштирүү максатында, ИИМдин жана Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын көп жылдык эмгек стажы бар жана тажрыйбалуу милиция кызматкерлеринен турган атайын тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн. Окуяны мамлекет башчысы Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алып, укук коргоо органдарына тергөө жүргүзүүнү тапшырган.

8-август күнү Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан аталган окуя боюнча чогулган маалыматтардын негизинде, бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Каза болгон жарандын өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн көлөмдүү иликтөө иштери жүрүп, кошумча күбөлөр аныкталып, алар менен сурамжылоо иштери жүргүзүлгөн. Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун өлүмүнүн себебин аныктоо максатында кошумча соттук-медициналык жана соттук-химиялык экспертизалар дайындалган.

100дөн ашык жарандар суралып, анын ичинен 44 күбө окуя боюнча көргөзмөлөрүн беришкен. Алардын берген көргөзмөлөрү боюнча тыкыр иликтөө иштери жүрүп, убактылары менен териштирүү жана салыштыруу иштери колго алынган. Натыйжада, күбө катары суракка алынган жарандардын айрымдары жалган көрсөтмө беришкендиктен, учурда алардын аракеттерине укуктук баа берилүүдө. Cотко атайын тергөө амалдарын жүргүзүү жөнүндө өтүнүчтөр киргизилип, санкциялар алынды жана атайын тергөө аракеттери жүргөн. Кылмышка шектүү жарандар аныкталып, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлгөн. Алар мурда соттолгон Бишкек шаарынын 32 жаштагы тургуну Б.Б., Бостери айылынын тургундары 28 жаштагы Ж.Р. жана А.У., ошондой эле 29 жаштагы Э.А. аныкталган. Аталган жарандар Ысык-Көл РИИБдин убактылуу-кармоочу жайына киргизилди. Ысык-Көл райондук соттун чечими менен шектүү жарандарга карата тергөө амалдарын өткөрүү мезгилинде 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында окуянын жагдайлары жана себептерин аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда.