Милиция Ысык-Көлдөгү үрөй учурган кылмыштын чоо-жайын тактады

27-сентябрь күнү саат 20:30да милиция бөлүмүнө жаран кайрылып, ошол эле күнү саат 12:30 чамасында 2008-жылы туулган кыз Каракол шаарында жашаган курбусуна барып келем деп чыгып кеткен бойдон кайрылып келбей жаткандыгын билдирген.

Аталган билдирүү дароо Жети-Өгүз РИИБге каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 27-сентябрь күнү саат 12:45 чамасында Барскоон айылына күн чыгыш тарабынан кирип бара жаткан май куюучу жайдын биринин видео көзөмөл камерасынан дайынсыз болуп жаткан кыз Honda Stream үлгүсүндөгү унаага отуруп кеткендиги аныкталган.

Унааны ким башкаргандыгы белгилүү болуп, шектүүнү кармоо максатында «Кармоо планы» киргизилген. Тергөө маалында такталгандай, шектүү ошол эле күнү кызды Жеңиш айылынын «Азамат» пляжынын түштүк тарабында жайгашкан алма багына алып барган. Ал жерде саат 13:00 чамасында жабырлануучуга карата күч колдонуп зордуктаган. Андан соң Тоң районунун Кажы-Сай айылынын чыгыш тарабында жайгашкан көлмөнүн жанына алып барып мыкаачылык менен муунтуп өлтүргөндүгү аныкталган. Аталган факты Жети-Өгүз РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан, 122-берене (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Ошол эле күнү жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин негизинде анын жансыз денеси Чүй облусунун Кемин районунун Жел-Арык автожолунун 14-чакырымынан табылган.

Кылмыш болгондон кийин шектүү болгон окуянын изин жашырууга аракет кылып, далил заттарды жашыруу максатында унаасын жууп-тазалап таштап кетип, уюлдук телефонун жана Сим-картасын жок кылган. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Жети-Өгүз РИИБдин кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын кичи райондорунун биринде жашынып жүргөн жеринен, бир нече жолу соттолгон 1984-жылы туулган аныкталып кармалган. Учурда шектүү Жети-Өгүз РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тиешелүү экспертизалар дайындалган. Тергөө амалдары улантылууда.