“Милицияга кабар берсең, атып салам”. Ошто май куюучу жайды карактоого шектелип 2 жаран кармалды

6091913 02.12.2019 Руки в наручниках. Табылды Кадырбеков / Sputnik

Чоң-Алай районунда май куюучу жайды карактоого барган жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

«2-августка караган түнү Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнө аталган райондун 37 жаштагы тургуну май куюучу жайда белгисиз жарандар карактоо максатында кол салганын кабарлаган. Аталган билдирүү 2-август күнү Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, окуя болгон жерге тергөө ыкчам тобу жетип барган.

Тергөө ыкчам тобу тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүлүп, аталган май куюучу жайга белгисиз эки жаран бетине медициналык беткапты тагып алышып, май куюучу жайдын эшиктерин тээп, айнектерди тапанча менен уруп сындырышып, май куюучу жайда оператор болуп иштеген жаранга “милицияга кабар берсең, атып салам” деп коркутушуп, зомбулук көрсөтүшүп, кассадагы акча каражатын алып кетүүгө аракет кылышкандыгын, жабырлануучу «102» кызматына телефон чалган мезгилде окуя болгон жерден белгисиз тарапка изин жашырып качып кетишкендиги аныкталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыштын изи сууй электе, аталган кылмышка шектүү катары Чоң-Алай районунун 21 жана 18 жаштагы тургундары кармалды. Алардын жанынан пневмотикалык тапанча, медициналык бепкаптар далил буюм катары алынган. Учурда тергөө амалдары уланууда», — деп айтылат маалыматта.