Милициянын кайгуул кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды

Милициянын кайгуул кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.

6-июнь күнү ИИМдин Ички иликтөө кызматына жаран жол кырсыгы фактысы боюнча материалды кароодо маселени оң жагына чечүү үчүн Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматынын кызматкери 20 миң сом суммадагы акча каражаттарын талап кылып жаткандыгы боюнча кайрылган. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 343-бөлүмүндө (пара талап кылуу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Кечээ, 10-июнь күнү тергөө-ыкчам иш-чараларды өткөрүүдө Бишкек ШИИББинин милициянын кайгуул кызматынын имаратында кызматтык кабинетте талап кылынган сумманы алуу учурунда милициянын кайгуул кызматынын кенже инспектору кармалды. Андан 15 миң сом суммасындагы пара далил катары табылып алынган. Сурак жана башка тергөө амалдары жүргүзүлгөндөн кийин кармалган кызматкер Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.