Бишкекте жөө адамды сүзүп, качып кеткен шектүү жаран кармалды (сүрөт)

Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү жөө адамды сүзүп, качып кеткен шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-июнда саат 22:20 чамасында белгисиз айдоочу авто унаа менен Бишкектин Курманжан Датка көчөсүнөн түштүк тарапка бара жатып, Ереванский көчөсүнүн кесилишинен 2001-жылы туулган жаранды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада жөө жүргүнчү жабыркап, оор абалда ооруканага жеткирилген. Бул факты боюнча милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында орнотулган видео көзөмөлдүн жардамы менен 5-июлда кылмышка шектүү катары “Ваз-21150” үлгүсүндөгү авто унаанын 1981-жылы туулган айдоочусун аныктап, Бишкек шаардык милициясынын Тергөө кызматына өткөрүп беришти.

Ал эми шектүүнүн авто унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилген.