Миллиондогон зыян… «Мегакомдун» мурдагы башкы директору Азат Базаркулов кармалды

УКМК коррупциялык схемаларды демонтаждоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында “Альфа Телеком” ЖАКсында сатып алуулар системасындагы мыйзам бузуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинин 4-бөлүгү (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) менен козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында “Альфа Телеком” ЖАКтын жооптуу адамдары жеке компаниялар менен алдын ала сүйлөшүп алышып, алар үчүн жеңилдетилген шарттарды алдын ала даярдап, ошону менен тендерлерде көп учурда ошол компаниялар ута тургандай жеңишти камсыз кылып турушканы аныкталды. Иштин жүрүшүндө тиешелүү экспертизалар дайындалып, сатып алынган техниканын баасы жогорулатылганы, анын натыйжасында мамлекетке миллиондогон зыян келтирилгени аныкталды.

Алынган далилдердин негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинде каралган кылмышты жасоого шектелген Б.А.Т. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.