Милянфан айыл өкмөтүнүн башкы адиси УКМКнын кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды

Милянфан айыл өкмөтүнүн башкы адиси УКМК кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Кечээ, 14-июлда Ысык-Ата районунун Милянфан айыл өкмөтүнүн башкы адиси УКМК кызматкерине финансылык-чарбалык ишмердикти текшерүүнү токтотуу үчүн пара берүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалды. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (пара берүү) боюнча, ижарага берилген жайыт жерлеринин мыйзамдуулугун жана максаттуу пайдаланылышын текшерүүнү токтотуу максатында 30 миң сом өлчөмүндө пара берүүгө аракет кылган. Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.