Миң доллар пара алып жаткан жеринен ИИМдин кызматкери кармалды

Опузалап пара талап кылуу фактысы менен милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-май күнү ИИМдин Ички иликтөө кызматына жаран арыз менен кайрылып, опузалап пара талап кылып жаткан милиция кызматкерине карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. Териштирүүнүн жүрүшүндө жогорудагы кызматкер сотко чейинки өндүрүштү оң жагынан чечип берүү үчүн 12 миң доллар талап кылганы аныкталган. Бул факты Жазык кодексинин 326-беренесинин 3-бөлүмү (опузалап пара алуү) боюнча катталган.

31-майда ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери УКМК менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Бишкек шаарынын Бакаев-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен 1 миң доллар алып жаткан учурда ИИМдин Күзөт кызматынын Ведомстволук милиция полкунун кызматкери, милициянын улук сержанты кармалды. Андан сырткары, баңгизатты пайдалангандыгын тастыктоо үчүн күбөлөндүрүүдөн өткөрүү учурунда ал баңгизатты пайдалангандыгы аныкталды. Азыркы учурда мындан аркы иликтөөнү УКМК жүргүзүп жатат.