Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кармалды. Ал эки апта мурда эле кызматка келген

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азамат Дыйканбаев кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка караганда, ал «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында ири суммадагы акча талап кылуу фактысы менен кармалган.

«20-майда Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 3-бөлүмү (пара талап кылуу) боюнча кылмыш жасаган деп шектелип, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Жакынкы арада Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ага карата баш коргоо чарасын тандоо маселесин карайт», — деп айтылат маалыматта.

УКМК мөөнөтүн узартуу жөнүндө оң чечим алуу үчүн өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча «Коопсуз шаар» долбоорунун 2-этабын ишке ашырган чет элдик компаниянын өкүлүнүн өтүнүчү боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган болчу.

Азамат Дыйканбаев Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри болуп 5-майда эле дайындалган болчу.