«Жол тандабастын айдоочусу мас абалында болгон». Чүйдөгү жол кырсыктан каза болгондордун саны 6 адамга жетти (видео)

Кечээ, 22-июлда болжол менен саат 22:30 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 107-чакырымында эки унаа сүзүшкөн. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 46 жаштагы жаран Митсубиси Паджеро үлгүсүн башкарып бара жатып, 25 жаштагы жигит башкарып бара жаткан Хонда Степвагон унаасы менен сүзүшкөн.

Алган жаракаттарынан улам жеринде Хонда Степвагон унаасынын айдоочусу 3 жүргүнчүсү менен көз жумган. Ал эми бүгүн, 23-июлда аймактык ооруканада Степвагон унаасынын дагы 2 жүргүнчүсү көз жумду. Ал эми дагы эки жүргүнчү ооруканада. Митсубиси Паджеро унаасынын айдоочусун медициналык кароодон өткөрүү учурунда, анын мас абалында экендиги аныкталган.

Бул факт Кемин РИИБге каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.