«Модель, сулуулук сынактарына катышкан кыздар тартылган». Чүйдө соцтармак аркылуу интим кызматын көрсөткөндөр кармалды

Интимдик кызмат көрсөткөн интернет топтордун уюштуруучулары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

20-февралда Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинде (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Интернациональное айылынын аймагында мессенджерлер аркылуу интим жана эскорт кызматтарын көрсөткөн Whatsapp жана Telegram мессенджерлеринин чат администраторлору кармалды. Аталган интернет чаттарында Instagram жана TikTok социалдык түйүндөрүндө популярдуу болгон 18 жаштан 25 жашка чейинки 15ке жакын модель кыздар 3-5 миң доллар өлчөмүндө акчалай акыга интимдик кызмат көрсөткөн сулуулар сынагынын катышуучулары тартылган. Жогоруда аталган администраторлор кыздарды коңшу өлкөлөргө: Алматы (Казакстан), Дубай (БАЭ), Анкара жана Стамбул (Түркия) шаарларына интимдик кызматтарды көрсөтүү үчүн жиберип турушкан.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында 2 жаран кармалып, алар Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Мындан тышкары, бир катар тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы отелдерде эскорт кызматкерлери кардарлары менен кармалган.