«Мойнумдан өйдө соо жерим жок». Оштогу психиатрия борборунда аял киши сабалганы маалымдалды

Кечээ жергиликтүү ЖМКларда Ош облустук психиатрия жана наркология борборунда сабалдым деген келиндин видеосу жарыяланган. Окуя боюнча Кыйноолорду алдын алуу борборуна маалымат түшкөн. Анда Ош облустук психиатрия жана наркология ооруканасынын санитары бейтапты сабап салганы айтылган.

«Улуттук борбордун кызматкерлери маалыматты текшерүү жана объективдүү изилдөө үчүн дароо көрсөтүлгөн медициналык мекемеге барышкан. Иш сапардын жүрүшүндө жабырлануучу менен баарлашуу болду. Мындан тышкары, анын жакындарынын катышуусунда визуалдык текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында анын бети шишип, эриндери көгөрүп калганы катталган. Жабыркаган бейтаптын жакындары катаал мамиленин далилдери боюнча тиешелүү арыз жазышкан. Улуттук борбордун кызматкерлери тарабынан акт түзүлүп, бейтапты соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүгө жөнөтүштү»,— деп айтылат маалыматта. 

Жыйынтыктар алынгандан кийин Стамбул протоколу — кыйноолорду жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилени же жазалоону документтештирүү жана натыйжалуу иликтөө боюнча колдонмо толтурулат. Бардык документтер прокуратурага жөнөтүлөт.

Социалдык тармактарда тараган видеодон аялдын «мойнуман өйдө соо жерим жок, оозума тряпка тыкты, мочалка тыкты» деп айтып жатканын көрүүгө болот.