«Мойнуна бычак такашкан». Ошто үйдө уктап жаткан жаран тонолгон

7-ноябрга караган түнү саат 03:10 чамасында Кара-Суу районунда убактылуу жашап жаткан 51 жаштагы жарандын үйүнө бейтааныш 3 адам кирип, бычакты мойнуна такап коркуткандыгы тууралуу маалымат катталган.

Алдын ала каракчылык жасоо максатын көздөшүп, жабырлануучунун үйүндө уктап жаткан учурда киришип, бычакты моюнуна такап коркутушуп, ал ыңгайлуу учурдан пайдаланып качып чыгып кеткенде үйүнүн ичиндеги 47 миң 200 сом накталай акчасын жана базар баасы 16 миң сом болгон Редми НОТ 11 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун карактап алып чыгып кетишкендиги аныкталды. Кылмышка шектүү катары мурда соттолгон Кара-Суу районунун 21 жаштагы 3 жигит жана 29 жаштагы жарандар кармалып камакка алынды.