Бостери айылынын «смотрящийи» алдамчылыкка шектелип кармалды

Алдамчылык фактысы боюнча Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн алкагында, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган алдамчылык фактысы боюнча кылмыштын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, 22-августта Ысык-Көл районунун Бостери айылынын аймагынан, криминалдык чөйрөлөрдө «Мокинтош» каймана аты менен белгилүү, оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон, Ысык-Көл районунун Бостери айылынын «смотрящийи» аталган Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Майрамбек Мусадаров кармалды.

2020-жылы ал Чолпон-Ата шаарынын ипподромунун жанынан жер тилкесин берүү шылтоосу менен ишенимге кирип, Кыргыз жаранынан 5 миң доллар өлчөмүндөгү накталай акча каражатын жана «Ауди С4» үлгүсүндөгү унаасын тартып алган. Бирок акырында жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин Камчы Асанбекке (Көлбаев) өткөрүп берген.