Молдовановкадагы абакка баңгизат ыргытууга аракет кылган жигит кармалды

Молдовановкадагы №1 мекеменин жанынан мыйзам бузган адам кармалды. Бул тууралуу ЖАМКтан билдиришти.

19-апрелге караган түнү саат 23:15тер чамасында №1 түзөтүү абагынын тосмосунун жанынан белгисиз адам кайтарылган мекеменин аймагына эки баштыкты ыргытмакчы болгондугу аныкталган. Аны дароо мекеменин ыкчам кызматкерлери менен Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин жоокерлери бирге кармашкан. Мыйзам бузган өзүн 2001-жылы туулган деп тааныштырган.

Табылган кара түстөгү баштыктардын ичинен скотч менен оролгон жашыл түстөгү мүнөздүү жыты бар, жалпы салмагы 513 граммды түзгөн зат болгон. Окуя боюнча тиешелүү материалдар жана кармалган адамдын өзү Аламүдүн РИИБдин тергөөчүлөрүнө өткөрүлүп берилди.