«Түрмөдө «смотрящий» киши өлтүрүп, кийин аны асып, анан өрттөп жиберген». Шектүү эки жылдан соң кармалды

Чүй облусуна караштуу Молдовановкадагы түзөтүү мекемесинин аймагында адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 1-декабрында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 мекемесинин жыгач устачылык бөлмөсүнөн асылган жана өрттөлгөн адам табылган. Анын 1996-жылы туулган, соттолгон жаран экени аныкталган. Бул факты каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси «адам өлтүрүү» боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. 

Адам өлтүрүү адегенде эле эң татаал кылмыштар категориясына кирген. Сотко чейинки териштирүүнүн жүрүшүндө укук коргоо кызматкерлери кылмышка шектүүнү — Чүй облусунун 27 жаштагы тургунун кармашты. Ал бир нече берене боюнча жазасын өтөөдө. Юстиция министрлигинде шектүү терс көңүлдөгү соттолгондордун катарына, мындайча айтканда «общак» дегенге таандык адам болуп, «жолугушуу бөлмөсүнө» көзөмөлчү («смотрящий») да болгон. Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин каттоосунда турат.