Молдовановкадагы түзөтүү мекемесине 15 миң сом киргизүүгө аракет кылгандар аныкталды

Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Молдовановка айылында жайгашкан №1 түзөтүү мекемесинин кызматкерлери тарабынан соттолгондорго акча киргизүү аракети токтотулду. Бул тууралуу ЖАМКтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, соттолгон жаранга акча киргизип берүү аракети аны текшерүү учурунда кармалган. Күрмөнүн чөнтөгүнүн астына кылдаттык менен катылган 15 миң сом акча каражаты табылган. Бул факты катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.