Милиция мончодо баланы зордуктаган бачабазды издеп жатат

Интернетте жүрөк титиреткен видео тарап жатат. Андан 20 жаш чамасындагы жигит өзүнөн кичүү 10 жаштай болгон баланы күч колдонуп зордуктап жатканын көрүүгө болот. Баланын каршылык көрсөтүп жатканы, коё беришин сурап кыйкырганы да угулат. Ошол эле учурда мындай көрүнүштү видеого тарткан адам барып жигитти токтотууга аракет кылган эмес. Окуя коомдук мончодо тартылганы айтылууда жана андагы адамдар кыргыз тилинде сүйлөп жатканы угулат.

Бул боюнча Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан тарап жаткан видео тууралуу кабары бар экенин билдиришип, учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын айтышты. «Видео качан, кайсы аймакта тартылганы белгисиз. Министрликте өлкөдөгү бардык ички иштер бөлүмдөрүнө кабар берилип, шектүүнү издөө иштери башталды», — дешти басма сөз кызматынан.