“Мончодо өспүрүмдү зордуктаган жигит ушул” деп башка эле жарандын сүрөтүн таратып жиберген шектүү кармалды

“Мончодо өспүрүмдү зордуктаган ушул жигит” деп белгисиз жарандын сүрөтүн интернетке таратып жиберген шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Инстаграм, Фейсбук сыяктуу социалдык тармактагы 51 баракчага 16-18 жаштагы жарандын сүрөтүн таратууга шектелип, Чүй облусунун тургуну кармалды. Жабырлануучу Бишкек шаарынын Ленин районунун тургуну экени жана анын аталган окуяга эч кандай тиешеси жок экендиги аныкталды.

“2021-жылдын 24-январында интернет тармагында мониторинг жүргүзүү учурунда жашы жете элек баланы белгисиз жарандын зордуктагандыгы жөнүндө видео тарагандыгын жана ал боюнча кандай иш-чаралар жүргүзүлгөндүгү тууралуу маалымат берилген эле.  Анын үстүнө маселе тактала электе социалдык тармактарда провокацияга алдырган да жарандар болду. Ар кандай сүрөттөрдү жарыялашып, ушул жигит экен деген да маалыматтар, аудио маалыматтар да тараган. Аталган видеороликтеги окуя өлкөнүн аймагында болгон эмес, бул окуя чет мамлекеттердин биринде болгондугу такталды. Экинчиден, окуянын чоо-жайын тактоо максатында ошол мамлекетке ыйгарым түрдө суроо өтүнүчүбүздү жибердик”, — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 186-беренеси менен (Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу) катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Ички иштер министрлиги жарандарды жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.