Мончого деп чыккан аялдын сөөгү кудуктан табылган. Шектүү кармалды

Сокулук РИИБге 30-январда жаран 1985-жылы туулган Ж.Р. аттуу эжесин издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. Арыздануучу эжеси Ж.Р. 28-январда Төш-Булак айылындагы үйүнөн саат 23:00 чамасында мектеп-интернаттын аймагындагы мончого деп чыгып, кайтып келбегендигин билдирген.

Бул факты боюнча териштирүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө Ж.Р.нын туугандары анын мончого алып барчу буюмдарын эртеси күнү үйдөн табышкан. 31-январда мектеп-интернаттын короосундагы кудуктан киши колдуу болуп каза болгон Ж.Р.нын сөөгү табылган.

Дайынсыз жоголгон аялды өлтүрүүгө шектелип, 1984-жылы туулган А.Н. кармалган. Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, керектүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалды. Кармалган шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.