Москва райондук сотунун судьясы жана ортомчу кармалды

Акча талап кылуу фактысы боюнча Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан демилгеленген материалдардын алкагында башкы прокурор тарабынан Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьяларына Д.К.С., К.Э.О., С.А.А. жана B.T.K.га карата 337-берене «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», 342-берене «пара алуу», 343-берене «пара талап кылуу» боюнча кылмыш иши козголду. Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, Москва райондук сотунун аппаратынын кызматкерлерин, ошондой эле башка судьяларды соттолуучу адамдардан акча каражаттарын алуу максатында кылмыш ишине тартуу менен судьялар тарабынан уюштурулган туруктуу коррупциялык схема аныкталган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде Москва райондук сотунун судьясы Б.Т.К. 5-мартта соттун кызматкери К.А.Д. аттуу ортомчудан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча оң чечим үчүн 1500 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Кылмыш чөйрөсүнө аралашкан ар бир адам, анын катышуусунун негизинде опузалап алынган жалпы сумманын белгилүү бир үлүшүнө ээ болгон.

5-мартта Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Москва райондук сотунун судьясы камакка алынып, УКМКнын тергөө абагына, ал эми ортомчу К.А.Д. Жазаларды аткаруу кызматынын №1 тергөө абагына киргизилди.